
23-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата Талас РИИБнин коомдук коопсуздукту камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан атайын иш чара өткөрүлүп, анда окуучуларга экскурсия уюштурулду. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш чара балдардын Ата Мекенге болгон сүйүүсүн күчөтүп, ага кызмат кылууга кызыкчылыктарын арттыруу максатында өткөрүлдү.
Мектеп окуучуларынын жогорку класстагыларына патриоттук сезимдерин ойготуп, Ата Мекенди коргоого үндөгөн экскурсия уюштурулду. Бул саам 2029 чек ара кызматынын ишмердүүлүгү тааныштырылды. Ок атуучу куралдарды колдонуу, атайын техника каражаттарын пайдалануу жана чек араны кайтарууда байланыш булактары тууралуу кеңири маалымат берилди.
Чек арачылар ок атуучу куралдарды чачып, чогултууну жана аны колдонууда коопсуздук эрежелерин да айтып беришти.