Мекен коргоо күнүнө карата Баткен ОИИБнын өздүк курамы сыйланышты

Бүгүн, 23-февраль Мекен коргоо күнүнө карата Баткен ОИИБнын өздүк курамы сыйланышты. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов өздүк курамды Мекен коргоочулар күнү менен куттуктап ИИМдин сыйлыктарын тапшырды.

"Өлкөбүздө эрктүү, намыстуу, туруктуу мүнөздөгү жигиттерибиз көп болсо мамлекетибиз бекем болот. Жарандарыбыздын тынчтыгы үчүн Мекен алдында ар дайым берген антыбызды бийик кармап, ак кызмат кылууга милдеттүүбүз" деп өздүк курамды куттуктап кетти.

Салтанаттуу иш-чарада кызматынан өзгөчөлөнгөн кызматкерлер ИИМдин медалдары, ардак грамоталары менен сыйланышып, кээ бир кызматкерлер кезектеги чиндерин алышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД