
Саламаттык сактоо министрлигинин атайын комиссиясы медициналык окуу жайлардын клиникалык базасынын колдонулушуна анализ жүргүзөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Аталган комиссия министр Алымкадыр Бейшеналиевдин тапшырмасы менен 21-февраль күнү түзүлгөн.
Малыматка караганда, комиссия мүчөлөрү 15-мартка чейин медициналык билим берген мекемелерге барып жеринде клиникалык базанын колдонулушун текшерет. Анын жыйынтыгы тууралуу кошумча маалымат берилет.