Милиция менен чек арачылар окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө

Кадамжай районунда милиция кызматкерлери чек ара кызматкерлери менен биргеликте жаш өспүрүмдөр менен жолугушууда. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кадамжай районунун Халмион айыл аймагындагы орто мектептердин жогорку класстын окуучулары менен балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жана чек ара кызматкерлери биргеликте мектептерге барып окуучуларга жолугуп баарлашууда.

Жолугуунун максаты 23-февраль Мекен коргоочулар күнүнө карата жаш өспүрүмдөрдү патриоттукка үндөп, келечек ээлерине туура кесипти тандоо болуп саналат.

Жыл башынан бери бул аймакта жаш өспүрүмдөр катышкан укук бузуу фактылары катталган эмес.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД