
Мамлекеттик туунун кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 2022- жылдын 3-мартында КРнын Мамлекеттик туусунун кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы белгиленет.
Бул күнгө карата Кыргыз Республикасынын Маданият, маалдымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан тиешелүү даярдыктар көрүлүп жатат.
Эскерте кетсек, Туу Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен кабыл алынган.