Путин Донбасста атайын операция баштоону тапшырды

Орусия президенти Владимир Путин Донбасста атайын операцияны ДНР менен ЛНРдин өтүнүчүнөн кийин баштоону чечкенин билдирди. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Путин Орусиянын пландарында украин жерлерин оккупациялоо жок экенин белгиледи.

"Орусияга тикелей кол салуу потенциалдуу агрессор үчүн жеңилүүгө жана коркунучтуу кесепеттерге алып келеринен эч ким күмөн санабашы керек", - дейт ал.

Буга чейин Донецк жана Луганск элдик республикаларынын башчылары Денис Пушилин менен Леонид Пасечник Владимир Путинге кайрылып, Украинанын куралдуу күчтөрүнүн агрессиясына каршы турууга көмөктөшүүнү өтүнүшкөн. Алар каттарында Орусиянын кийлигишүүсүз республикаларда гуманитардык катастрофа башталышы мүмкүн экенин белгилешкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД