Журналист Абдувахаб Мониев каза болду

Журналист Абдувахаб Мониев каза болду. Бул тууралуу анын жакындарынын билдиргенине таянып "Азаттык" жазып чыкты.

Маалыматка караганда, ал ооруданулам каза болгон. Сөөгү өзү туулуп-өскөн айылга 25-февралда коюлат.

Белгилүү журналист жана публицист Абдувахаб Мониев журналистикадан сырткары коомдук-саясий иштерге активдүү аралашып жүргөн. Ал бир катар китептердин автору, "Генерал Ысакбек" патриоттук демилгелерди колдоо коомдук фондунун президенти болгон.

Журналист эмгек жолун 1992-жылы Ош облустук "Ош жаңырыгы" гезитинде корректор болуудан баштаган. Андан соң Чөгөм орто мектебинде лаборант, "Асаба", "Агым" гезиттеринде кабарчы болгон. "Учкун", "Ош жаңырыгы" жана "Эркин-Тоо" басылмаларынын башкы редактору кызматын аркалаган.

Абдувахаб Мониев 1974-жылы Оштогу Араван районуна караштуу Чөгөм айылында туулган. Ош мамлекеттик университетинин филология факультетин 1998-жылы аяктаган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД