4-июндан тарта калкты тейлөө борборлорунун иштөө убактысы узарат

Эртең, 4-июндан тарта 31-августка чейин калкты тейлөө борборлорунун иштөө убактысы узарат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Калкты тейлөө борборлору эртең мененки саат 08:00дөн кечки 19:00гө чейин иштейт. Тейлөө борборлорунун иштөө убактысын узартуу чечими биометрикалык паспорт алууну каалаган жарандардын саны көп болуп, ал жакта кезек жаралып жатканына байланыштуу кабыл алынган.

"Акыркы мезгилде Бишкектин калкты тейлөө борборлорунда кезекке тургандар көбөйгөнү байкалууда. Себеби: 2020-жылкы үлгүдөгү жалпы жарандык биометрикалык паспортко документтерди кабыл алуунун, ошондой эле эс алууга чыгуу мезгилинин башталышы менен байланыштуу", - деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстанда биометрикалык паспорттор үчүн документтерди кабыл алуу 3-майда башталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД