
23-февраль майрам күнүнө карата рейддик иш-чара учурунда Бишкекте 21 мас айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Милицияынн кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек ШИИББ боюнча милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы 23-февраль майрам күнү учурунда коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле ар кандай укук бузуулардын алдын алуу максатында "За рулем" аталышында рейддик иш-чара өткөрүп, сутка ичинде 1187 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды.
Алардын ичинен;
Унаа башкарууда тийиштүү документтери жок айдоо -10;
-Мас абалында унаа башкаруу-21;
-Авто унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып айдоо -1;
-Унаа башкарууда коопсуздук курун тагынбай айдоо-312
-Башка жол эрежелерин бузуулар-844.
Ар кандай жол эрежесин бузгандыгы үчүн 90 авто унаа убактылуу токтотуучу короо жайына токтотулду.
Бишкек ШИИББ боюнча Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы жол эрежелерин так сактоого чакырат.