
Талас ОИИБде кызматкерлер сыйланды. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн Талас ОИИБнин жыйындар залында кызматкерлерди 23-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата атайын даярдалган сыйлыктар тапшырылды. Өз кызматтарынан жакшы көрсөткүчтөргө жеткен жана ийгиликтер менен айырмаланган милиция кызматкерлерине КРнын ИИМнин медалдары, төш белгилери жана Талас ОИИБнин Ардак грамоталары менен ыраазычылык баракчалары тапшырылды.
Талас ОИИБнин начальниги милициянын полковниги Асанов Марлис өз сөзүндө:" Мекенди коргоо ар бир эр азаматтын ыйык милдети. Ал эми милиция кызматкеринин жүгү андан эки эсе жооптуу. Себеби, биз мамлекетти жана жарандарды биринчиден ички душмандан, анан тышкыдан да коргоо үчүн аракеттенебиз. Мекенге болгон сүйүү, ага чын дилибизден ак мээнет кылуу менен өлкөбүздү күчтүү кыла алабыз. Ага ар бирибиз салым кошууга умтулуубуз керек. Баарыбыз жаңыдан ички иштер органдарына кызмат өтөөгө ошол патриоттук сезимдин таасиринен келгенбиз. Өз өмүрүмдү аябастан жарандардын жана мамлекеттин укуктарын, эркиндиктерин, мыйзамдуу кызыкчылыктарын кылмыштуу жана башка мыйзамга каршы кол салуулардан коргоого ант бергенбиз. Ошол антка бекем туруп, татыктуу кызмат кылат деп силерге ишенем" -деген куттуктоо сөздөрүн айтты.