Украинанын бир нече шаарлары, аймактары аткыланып жатат

Украинадагы аба кыймылын тейлеген "Украэрорух" мамлекеттик ишканасы коопсуздуктан улам өлкөнүн аба мейкиндиги толугу менен жабылганын билдирди.

Ушул тушта Укриананын борбору Киев баштаган шаарларда, Краматорск, Харьков, Донецк жана башка облустарда, жана чек арадагы аймактарда жардыруу, атышуу болуп жатканы тууралуу маалыматтар тарап жатат.

Буга чейин Орусия президенти Владимир Путин Донбасста атайын операцияны ДНР менен ЛНРдин өтүнүчүнөн кийин баштоону чечкенин билдирген. Путин Орусиянын пландарында украин жерлерин оккупациялоо жок экенин белгиледи.

"Орусияга тикелей кол салуу потенциалдуу агрессор үчүн жеңилүүгө жана коркунучтуу кесепеттерге алып келеринен эч ким күмөн санабашы керек", - дейт ал.

Буга чейин Донецк жана Луганск элдик республикаларынын башчылары Денис Пушилин менен Леонид Пасечник Владимир Путинге кайрылып, Украинанын куралдуу күчтөрүнүн агрессиясына каршы турууга көмөктөшүүнү өтүнүшкөн. Алар каттарында Орусиянын кийлигишүүсүз республикаларда гуманитардык катастрофа башталышы мүмкүн экенин белгилешкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД