ЖКда милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети каралууда

Бүгүн, 24-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы, 2021-жылга карата бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу тууралуу мыйзам долбоорлору экинчи окууда талкууланууда. Муну менен катар "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөгү" мыйзамдын долбоору да экинчи окууда каралууда.

Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов баштаган тиешелүү жетекчилер катышып жатат.

Белгилүү болгондой, 2020-жыл үчүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттик параметрлери кирешелер боюнча 16 009,8 млн. сом жана чыгашалар боюнча 16 009,8 млн.сом суммасында белгиленген.

Талкуу маалында Айбек Осмонов Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда 2020-жылы канча каржылык мыйзам бузуу аныкталганына кызыкты.

Эсеп палатасынын өкүлү 37,3 млн сом көлөмдөгү каржылык мыйзам эсептелгенин айтып: "Анын ичинен 24,3 млн сом калыбына келтирилиши керек болчу. Бирок аудиттин жүрүшүндө 13 млн сом гана калыбына келтирилген", – деди.

Ушундай эле пикирге токтолгон Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Улан Примов аталган мыйзам бузууларга карата кандай чаралар колдонулганын сурап: "Жөнөкөй дарыгерлер жабыр тартпашы керек",– деди.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев пандемияга байланыштуу ушундай жагдай түзүлгөнүн айтып: "Учурда калыбына келтирүү иштери улантылууда" – деп кошумчалады.

Мындан тышкары, тармакка тиешелүү көйгөйлөр көтөрүлүп, жыйын суроо-жооп иретинде улантылууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД