
Украинанын куралдуу күчтөрүнүн аба базаларынын аскердик инфраструктурасы иштен чыгарылганын Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди.
Ошондой эле, Украинанын чек ара кызматкерлери "орус бөлүктөрүнө эч кандай каршылык көрсөтпөй жатканы" белгиленген.
Орусиянын Коргоо министрлиги буга чейин Орусиянын куралдуу күчтөрү Украинанын шаарларына эч кандай ракеталык, абадан жана артиллериялык сокку урбаганын билдирген.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфраструктурасы, абадан коргонуу объектилери, аскердик аэродромдору, авиациясы жогорку тактыктагы куралдан жараксыз абалга келген.