
Атайын авто ээнбаштык жасаган айдоочу кайгуул кызматы тарабынан табылып, 7500 сом айып салынып, авто унаасы убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулду. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкектеги май куйуучу жайлардын биринде атайын коомчулуктун тынчын алып, авто ээнбаштык жасаган айдоочу милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан аныкталып, айдоочуга 7500 сом өлчөмүндө айып салынып, авто унаасы убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилди.