
Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.