
Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Украинадагы кырдаалды катастрофа деп атап, НАТО лидерлерин жолугушууга чакырды.
Украинада болуп жаткан окуялар жана Орусиянын Донбасстагы аскердик операциясы Европа үчүн катастрофа. Бул тууралуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон билдирди, деп жазды Reuters.
"Мен бүгүн эртең менен Орусиянын Украинага басып кириши боюнча элге кайрылам. Мен ошондой эле G7нин башка лидерлери менен сүйлөшөм жана мүмкүн болушунча тез арада НАТОнун бардык лидерлерин шашылыш жолугушууга чакырам", - деди британ лидери.