
Украина Орусия менен дипломатиялык мамилесин үздү. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский Facebook социалдык тармагындагы баракчасына брифинг учурунда билдирди.
"Бүгүнкү таң тарыхта калды, бирок бул окуя биздин өлкө менен Орусия үчүн таптакыр башка", - деп баса белгиледи Зеленский.
Ал ошондой эле Украина өзүн коргоп жатканын жана эркиндигинен баш тартпай турганын билдирди. Анын айтымында, украиндер үчүн эгемендүүлүк жана өз жеринде жашоо укугу эң бийик баалуулук.