
Кыргызстандын Улуттук банкы интервенция жасап, валюта рыногуна 13 млн 50 миң АКШ долларын сатты. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Маалыматка караганда, жыл башынан бери үч ирет интервенция жасалган.
Эскерте кетсек, бүгүн өлкөдө доллардын куну 95 сомго, евро 107 сомго чейин көтөрүлгөн.