Көк-Арт ашуусунда кар көчкү алдында калган унаа табылды

Жалал-Абадда кар көчкү алдынан "Пикап" үлгүсүндөгү унаасы табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 24-февралда саат 16:30да Түндүк-Түштүк (Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад) альтернативдик унаа жолунунун 338-чакырымында (Көк-Арт ашуусундагы туннелдин түштүк тарабында) куткаруучулардын издөө иш-аракеттеринин натыйжасында "Пикап" үлгүсүндөгү унаасы табылды. Бирок унаанын ичинде адам болгон эмес.

Аталган тилкеде "Чайна Роуд" ишканасынын 1 кызматкери дайынсыз болууда.

ӨКМдин Гидрометеорологиялык кызматынын адистеринин маалыматына ылайык, 338-чакырымына болжол 600 миң кубметр кар түшкөн, анын орточо бийиктиги 10 метрди түзөт.

Эске салсак, 14-февралда саат болжол 12:30да Түндүк-Түштүк (Балыкчы-Жалал-Абад) альтернативдик унаа жолунун болжол 334-чакырымында (Көк-Арт ашуусу) жайгашкан тоннелдин түндүк тарабында кар көчкү түшкөн.

Кар көчкү "Чайна Роуд" ишканасына тиешелүү "Нива" унаасын, бир даана жүктөгүч жана эки даана экскаваторду басып калып, үч киши дайынсыз болууда (аты-жөндөрү такталууда).

Ошондой эле болжол менен саат 17:30 чамасында аталган унаа жолдун болжол менен 340-чакырымында (тоннелдин түштүк тарабы) кар көчкү түшүп, натыйжада бир "Пикап" унаасын басып, ошондой эле бир "Пикап" унаасын жана бир вагонду сайга сүрүп кеткен.

Натыйжада үч адам (66 жаштагы А.А., 52 жаштагы К.Т. – эркек кишилер, Кыргызстандын жарандары жана Л.З. (туулган жылы такталууда) – Кытайдын жараны) жабыркап, бир адам дайынсыз болууда (аты-жөнү такталууда).

Куткаруу иштерин жетектөөгө ӨКМнин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Абдулнасир Закиров жетектеген куткаруу ыкчам тобу тартылган.

Ошондой эле 21 куткаруучу, "Чайна Роуд" ишканасынан үч жүктөгүч, бир экскаватор жана 30 кызматкер тартылган.

14-февраль күнү издөө-куткаруу жана тазалоо иш-чаралары жүргүзүлгөн, бирок аба ырайына байланыштуу жана жолго кар көчкү түшкөндүгүнөн улам, коопсуздукту сактоо максатында иш-чаралар убактылуу токтотулган.

Ал эми эки жабыркаган "Чайна Роуд" ишкананын кызматкерлеринин жеке унаасы менен жана бир жабыркаган адам куткаруучулар аркылуу Сузак районунун Октябрь айылындагы ооруканага жеткирилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД