
Өткөн жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөн. Андагы шайлоодо Бишкектин эки районундагы шайлоо округунан "Баарына каршы" талапкери жеңип, жыйынтыгында № 27 Биринчи Май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдарында кайра шайлоо дайындалган. БШК 2022-жылдын 27-февралына дайындалган № 27 Биринчи Май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча 53 талапкерди каттаган.
VB.KG редакциясы окурмандарынын арасында "Кайсы талапкерге добуш бересиз?" деген суроо менен онлайн сурамжылоо жүргүзүп, депутаттыкка талапкерлердин рейтингин текшерип көрүүнү чечкен.
Сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, төмөнкү талапкерлер алдыңкы 3 орунду ээлешти:
№27 Биринчи Май шайлоо округу:
1-орун: Сартаев Анвар Айдарович 81.27%,
2-орун: Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна 8.93%,
3-орун: Нурдинов Бейшеналы 2.59%.
№29 Свердлов шайлоо округу:
1-орун: Болотбеков Бакытбек Болотбекович 44.85%,
2-орун: Алканова Элнура Сайдиракмановна 24.90%,
3-орун: Майрамбек уулу Калыс 8.90%.