
24-февраль күнү кечинде Украинадагы Чернобыль атомдук электр станциясынын (АЭС) аймагы орусиялык аскерлердин көзөмөлүнө өттү. Бул тууралуу Украинанын премьер-министри Денис Шмыгаль маалымат жыйында билдирди.
Мунун алдында Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын оккупациялык күчтөрү Чернобыль АЭСин алууга аракет жасап жатышканын билдирген. Зеленский 1986-жылкы трагедия кайталанып кетпеши үчүн украин аскерлери жанын берип жатканын, эгер ал жерде кандайдыр бир кырсык орун алса, жалпы Европага кесепети тийерин эскерткен.