Канат Садыков, КУУнун ректору: "Билим берүү тармагында атаандаштык күчтүү"

Кыргызстандагы эң ири окуу жай аталган Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетине 90 жыл толуп отурат. Карт тарыхы бар бул окуу жайдан Кыргызстандын ири интеллегенциясы билим алып, окуу жай дээрлик баардык тармактагы адистерди даярдап келет. Университеттин учурдагы абалы тууралуу жетекчиси Садыков Канат Жалиловичти маекке тарттык.

Канат Жалилович кыргыз интеллегенциясын таптап өстүрүп чыгарган Кыргыз Улуттук университетине быйыл 90жыл толот экен, окуу жайдагы билим берүүдөгү өзгөрүүлөр тууралуу айта кетсеңиз?

Деги эле кыргыз интеллегенциясын гана эмес, бүтүндөй өлкөнүн бир канча кадрларын даярдап өстүргөн бирден бир окуу жай болуп эсептелээри баарыбызга белгилүү болсо керек. Анткени акыркы учурларда замандын талабына ылайык бир гана агартуу тармагындагы мугалимдерди гана эмес, мыкты экономист, мыкты юрист, мыкты дипломаттарды дагы даярдап келүүдө. Уядан эмнени көрсө учканда ошону алат дегендей, өлкөбүздөгү жогорку окуу жайлардагы адистерди даярдоодо дагы мыктылар биздин окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү экендигин баса белгилеп кетсек болот. Ошондой эле эл аралык деңгээлдеги дипломаттар жана бизнести башкаруу тармагындагы адистерден уучубуз кур эмес. Жалпылап алганда куттуу окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү мыкты кадр болуп чыгышы жалпы окутуучулардын гана сыймыгы эмес, бүтүндөй элибиздин сыймыгы болуп келет.

Ал эми окуу жайдын учурдагы билим берүү тармагындагы абалына токтоло турган болсок, Кыргызда жакшы макал бар "элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы дегендей, билим берүү тармагында дагы улам жаңылоолор болуп турушу мыйзамдуу көрүнүш. Анткени муун жаңырган сайын, заманбап технологиялар иштелип чыгууда. Ошол эле учурда окуу процесстери дагы жыл өткөн сайын заманбап билим берүүгө ылайыкталып келет. Бул бир гана информатика жана инновациялык технологиялар факультетинде гана эмес жалпы химия, биология ал тургай филология факультеттеринде дагы өзгөрүүлөр болууда. Себеби бир гана технологиялык өзгөрүүлөр эмес жаңы терминдер, жаңы аталыштар ошондой эле жаңы ачылыштардын болуп жаткандыгы билим берүү тармагынын баардык жагына өзгөртүүлөр кирип жатат. Биздин окуу жай дагы дал ушул заманбап билим берүүнүн жаңы жагдайларын эске алуу менен өзгөртүүлөрдү камсыз кылууда.

Жогоруда агартуу тармагында гана эмес баардык тармакта деп белгилеп кеттиңиз, бир-эки мисалга токтоло кетсеңиз?

Мисалга ала турган болсок эл аралык мамилелер же дипломатиялык карым-катнаш боюнча окуу жайдагы Кыргыз – Кытай факультети жана Чет тилдер факультетинде англис тили боюнча багыттар болгону менен Корея, Түркия, Венгрия, Япония, Германия сыяктуу мамлекеттер менен тыгыз байланышта иш алып барып, Эл аралык мамилелер факультети аркылуу кызматташып келе жатабыз. Бул биздин билим берүү тармагындагы чет мамлекеттеги окуу жайлардагы адистер менен тажырыйба алмашууларды жүзөөгө ашырып келебиз. Ошол эле учурда айрым биздин студенттер билим алуусун кызматташып жаткан чет мамлекеттерде окууларын улантып же квалификацияларын жогорулатып келишет. Маселен Кыргыз-Европа факултетинин студенттери Улуттук университеттин кызматташкан Франция, Германия, Англия сыяктуу Европа мамлекеттеринин окуу жайларында практикалык иштерде же окууларын улантуусуна чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Андан тышкары окуу жайыбыздын Коомчулук менен байланышуу жана жаштар иштери боюнча бөлүмү астындагы студенттер "enactus" деп аталган долбоордун алкагында бир канча чет элдик уюмдар менен иш алып барып, тажырыйба алмашуу иштерин жүргүзүп келишет. Башкача айтканда эл аралык кызматашууларды университет жогорку деңгээлге көтөрүү аракетин көрүүдө. Мындай кадамдары менен биздин окуу жайдын билим берүү индексин жогорулатаарына толук ишенем.

Бирок окуу жайдын шарты тууралуу ар кандай сын-пикирлер айтылып келет эмеспи?

Албетте, сын-пикирлердин болуп турганы жакшы, иш болуп турган жерде сөзсүз түрдө сын бар. Башкысы аны туура кабыл алып, аны оңдоо аракеттерин көрүү керек. 90 жылдык карт тарыхы бар окуу жайдын материалдык базасын чыңдоо оңойго турбайт. Бирок бул жагынан дагы артта калбоо үчүн болгон күч аракет жумшалып келүүдө. Имараттардын эскилиги жеткени менен алардын басымдуу бөлүгү тарыхый имарат болуп эсептелингендиктен бузуп салууга мүмкүн эмес. Бирок оңдоп түзөө иштери жыл сайын болуп келет. Бир гана оңдоп түзөө иштери менен алек болбостон компьютердик жабдууларды дагы жаңыртып, шарттарын түзүп берүү иштери жүрүүдө. Жогоруда айтып кеткендей, улам жыл өткөн сайын жаңы технологиялардын пайда болушу, билим берүүдөгү баардык технологияларды жаңыртып туруу зарылдыгы келип чыгып турат. Мен ойлойм алдыда дагы бир канча аткарыла турган иштер арбын. Таптакыр шарттары начар деп айтуудан алыспыз, себеби дээрлик окуу имараттарыбыздын баардыгында оңдоп түзөө иштери бугүнкү күнгө чейин уланууда. Ошол эле учурда окуу жайдын жатаканаларын оңдоо, окутуучулардын кызматкерлердин эмгек акысын убагында толугу менен берүү, маданий-спорттук иш чараларды, илимий-коомдук конференцияларды өткөрүү деген сыяктуу түмөн түйшүктүү иштерди дагы унутка калтырбай жүргүзүүдөбүз. Ошондуктан сын пикирлердин айтылышы окуу жайды улам сайын чыйралтат деп ишенем.

Жалпысынан алганда окуу жайдын бүгүнкү абалын кандай деп баалоого болот? Дегеним учурда Улуттук университет мурункудай эмес деген сөз көп айтылаарын сизге деле маалым болсо керек?

Мамлекеттик окуу жайлардын ичинен билим берүү боюнча, адистерди даярдоо боюнча дагы улуттук университет флагман болуп келген жана болуп да турат. Эгерде материалдык базалары боюнча кайсы бир жеке менчик же чакан окуу жайларга Улуттук университетти салыштырып болбойт. Деги эле билим берүү тармагындагы атаандаштыкка туруштук берүү өтө оор, ошол эле учурда жеке менчик окуу жайларда эркиндик көбүрөөк жана иштөө усулдары башкачараак. Маселен "AVN " системасы менен студенттердин окуусун баалоо, ар бир кызматкерлерге мамлекет тарабынан коюлган айлык акы менен окутуучуларды кармоо жана башка толгон токой маселелер айырмачылыктар бар. Убакыт өткөн сайын бир канча билим бере турган жогорку окуу жайлар пайда болуп, кай бирлери жабылып айтоор тармакта атаандаштык өтө күчтүү. Демек окуу жайыбыздын деңгээлин жогорулатуу үчүн ошондой билим берүү менен ошондой шарттарды түзүү окуу жайдын башкы милдети. Маселен айрым бир жогорку жайларда болгону 100 канча студенти бар, ошол эле учурда контрактык төлөмдөрү ар кандай, биздин окуу жайда билим алып жаткан ар тармактын адистери үчүн ар тармактуу шарт, жана ошол миңдеп саналган студенттерибизди окуткан кызматкерлерге даагы шарт түзүп, мындан дагы жакшыртуу аракеттери жүрүүдө. Бир сөз менен айтканда айтууга оңой болгону менен, аткара турган иш абдан көп.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД