Дарига Назарбаева депутаттык мандатын тапшырды

Казакстандын экс-президентинин кызы Дарига Назарбаева Мажилисинин (парламенттин төмөнкү палатасы) депутаттык мандатын тапшырды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

"Бүгүн мен парламенттин Мажилисинин депутаттыгынан баш тартууну жана толугу менен коомдук, гуманитардык, маданий жана кайрымдуулук иштерине басым жасоону чечтим", - деп айтылат Назарбаеванын билдирүүсүндө.

Назарбаева ошондой эле тизмеси боюнча парламентке кирген "Нур Отан" партиясына добуш берген казак элине, ага ишеним көрсөткөн партиялаштарына жана өлкө жетекчилигине ыраазычылык билдирди.

"Мен өз өлкөмө жана анын кызыкчылыгына кызмат кыла берем. Ал эми бул үчүн кызматтын кереги жок", - деп кошумчалаган ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД