PISA-2025 изилдөөсүнө катышууга даярдыктар боюнча семинар өттү

Кечээ, 24-февралда Билим берүү жана илим министрлиги "PISA-2025 изилдөөсүнө катышууга даярдоо: изилдөөнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү. Максатка жетүү үчүн алгачкы кадамдар" аттуу семинар өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара Бишкектеги И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде өткөрүлдү.

Семинарга билим берүү жана илим министринин орун басарлары Надира Жусупбекова, Гүлнур Джайнакова, министрликтин Мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Усеналиев, Жогорку жана орто кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлмира Абылкасымова, министрликтин түзүмдүк бөлүктөрүнүн адистери, Кыргызстандагы педагогикалык жогорку окуу жайлардын, колледждердин, кесиптик лицейлердин жетекчилери жана аймактык билим берүү бөлүмдөрүнүн, билим берүү институттарынын жана усулдук борборлордун башчылары катышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД