Кыргызстанда COVID-19га каршы биринчи доза менен 1,4 млн адам эмделди

Кыргызстанда COVID-19га каршы биринчи доза менен 1,4 млн адам эмделди.

Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда, маалыматтык жыйында КР ССМ Иммундук алдын алуу республикалык борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи баскычы 2021-жылдын мартында башталган. Эмдөөлөрдү жайылтуу боюнча Улуттук планга ылайык, негизинен артыкчылыктуу топтор эмдөөдөн өтүштү - булар медицина кызматкерлери, социалдык кызматкерлер, мугалимдер, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, өнөкөт оорулары бар адамдар.

Медицина кызматкерлерин экинчи доза менен камтуу 80% түздү.

Билим берүү тармагынын кызматкерлерин камтуу - 80%.

60 жаштан жогорку курактагыларды экинчи доза менен камтуу 31% түздү.

Бүгүнкү күндө эмделгендер:

* биринчи доза менен 1 424 068 адам же 63%,

* экинчи доза менен 1 151 374 адам же 51%.

2021-жылдын 20-декабрынан тарта бүтүндөй республика боюнча мурда COVID-19 каршы эмдөөнүн биринчи курсун толук алган бардык каалоочу жарандарга бустердик доза менен иммундоо башталган.

Учурда бустердик доза менен 110 995 адам эмделген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД