Украинада Россия, Беларустун рубли менен операция жүргүзүүгө тыюу салынды

Украинанын Улуттук банкы Россия менен Беларустун рубли менен валюталык операцияларды жүргүзүүгө тыюу салды. Бул тууралуу Украинанын Улуттук банкынын сайтында маалымдалды.

Мындан тышкары, катышуучусу аталган өлкөлөрдүн аймагында жайгашкан юридикалык же жеке жак болуп саналган, Россиянын же Беларусь Республикасында жайгашкан юридикалык же жеке жактардын алдындагы милдеттенмелерин аткарган валюталык операцияларга тыюу салуу киргизилди.

Буга чейин Украина бардык баалуу кагаздардын жүгүртүүсүн токтоткону кабарланган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД