Иш таштаган айдоочулар: "Мадина" базарынын автобустары дагы каттамга чыкты

Бишкек шаарындагы "Мадина" базары дагы кичиавтобустардын айдоочулары иш таштаганына байланыштуу автобустарын убактылуу шаар тургундарын ташууга тилкеге чыгарды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкектеги ири базарлардын бири "Мадина" борбор калаанын тургундарын ташууга 2 автобус бөлдү. Алар 211- маршруттук катам менен каттайт.

Белгилей кетсек, 2-июнда Бишкектеги маршруттук каттамдардагы кичавтобустардын айдоочулары жол кирени көтөрүү талабы иш таштаган. Мэрия алардын талабын азыр аткара албасын, шаардык кеңеш кароосу керектигин кабарлаган. Буга айдоочулар макул болбой, нааразылык акциясын улантууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД