
Бүгүн, 26-февраль Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоонун алдындагы "жымжырттык күнү". Бүгүн эртең менен саат 08.00дө талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштери аяктады.
Бул күнү (шайлоого 24 саат калганда) саясий партияларга үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.
БШК мурда шайлоо комиссияларынын имараттарынан жана жайларынан тышкары жайгаштырылган басылма үгүт материалдары (баракчалар, плакаттар, билборддор жана башка материалдар) добуш берүү күнү мурдагы орундарында сакталарын маалымдайт.
Шайлоо алдында үгүт жүргүзүүгө катышуу үчүн БШК тарабынан аккредитациядан өткөрүлгөн жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар "жымжырт күнү" үгүт жүргүзүүгө укуктары жок.
Талапкерлер, ошондой эле алардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-басылмалар, шайлоо процессинин ар кайсыл катышуучусу мыйзам талаптарын бузууга жол берген учурда бузуучуларга карата тиешелүү чаралар колдонулат.
№ 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоо эртең – 2022-жылдын 27-февралында өтөт.
Эскерте кетсек, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өткөн. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, бирдиктүү округдан 54, бир мандаттуу округдан 36 талапкер депутаттыкка шайланып келмек. Бирок Бишкек шаарынын Биринчи май жана Свердлов округдарында "баарына каршы" графасы көпчүлүк добушка ээ болгон. Буга байланыштуу добуш берүү өткөн жок деп табылып, кайра шайлоо өткөрүлөт.