Бишкекте бирөөнүн үйүнөн автоунаа айдап качкан жаран кармалды

Автоунаа айдап качканга шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-жылы 24-февралда болжол менен саат 06:00 чамасында милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жаткан учурда 7-апрель жана А. Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинен сол капталындагы терезеси сынган "Дэу Нексия" Үлгүсүндөгү авто унааны көрүшкөн.

Кызматкерлер авто унааны токтотуп текшерүү учурунда 1996-жылы туулган К.А. аттуу айдоочу 1987-жылы туулган А.К. аттуу айдоочуга таандык авто унааны короосунда токтоп турган жерден айдап качып бара жаткандыгы аныкталган.

Бул факты боюнча кылмышка шектүү жаранды Аламүдүн РИИБнин Тергөө кызматына жеткиришкен.

Азыркы учурда Аламүдүн РИИБи тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 211-беренесинин (автотранспорт каражатын айдап качуу) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД