Таласта милиция мал базарда элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Кара-Буура РИИБнин милиция кызматкерлери Кызыл-Адыр айылында жайгашкан мал базарда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аймактык фито ветеринардык коопсуздук кызматынын кызматкерлери менен бирдикте малдарды вакцинациядан өткөрүп, идентификациялоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Өкмөттүн талаптарына ылайык малдарды каттоого алып жана тийиштүү процедураларды жүргүзүү керектигин айтышууда.

Милиция кызматкерлери аталган мал базарда коомдук коопсуздукту камсыздоо менен сатылган малдын арасында мал уурулук фактыларын алдын алуу жана катталган кылмыштардын бетин ачуу максатында иш аракеттерди көрүүдө.

Аталган иш чара облустун башка аймактарында да жүрүп жатат. Андан тышкары милициянын көчмө кабылдамасы иш чаранын алкагында жарандардан кайрылууларды кабыл алууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД