
ӨКМдин куткаруучулары бүгүн саат 12:30да тынымсыз издөө иштеринин натыйжасында 24 жаштагы К.А., атуу кыргызстандыктын сөөгүн таап, ИИМ кызматкерлине өткөрүп беришкен. Бул тууралуу КР ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүдө айтылгандай, издөө иштерин улантуу максатында жеринде КР ӨКМнен жалпы 74 куткаруучу, "Чайна Роуд" ишканасынан 7 атайын техника, УКМКнын Чек ара кызматынан 4 кызматкер, тез жардам кызматынан 1 бригада, ИИМнин ЖКККББдан 4 кызматкер иш алып барууда.
Эске салсак, 14-февралда саат болжол 12:30да Түндүк-Түштүк (Балыкчы-Жалал-Абад) альтернативдик унаа жолунун болжол 334-чакырымында (Көк-Арт ашуусу) жайгашкан тоннелдин түндүк тарабында кар көчкү түшкөн.
Кар көчкү "Чайна Роуд" ишканасына тиешелүү "Нива" унаасын, бир даана жүктөгүч жана эки даана экскаваторду басып калып, үч киши дайынсыз болууда (аты-жөндөрү такталууда).
Ошондой эле болжол менен саат 17:30 чамасында аталган унаа жолдун болжол менен 340-чакырымында (тоннелдин түштүк тарабы) кар көчкү түшүп, натыйжада бир "Пикап" унаасын басып, ошондой эле бир "Пикап" унаасын жана бир вагонду сайга сүрүп кеткен.
Натыйжада үч адам (66 жаштагы А.А., 52 жаштагы К.Т. – эркек кишилер, Кыргызстандын жарандары жана Л.З. (туулган жылы такталууда) – Кытайдын жараны) жабыркап, бир адам дайынсыз болууда (аты-жөнү такталууда).
Куткаруу иштерин жетектөөгө ӨКМнин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Абдулнасир Закиров жетектеген куткаруу ыкчам тобу тартылган.
Ошондой эле 21 куткаруучу, "Чайна Роуд" ишканасынан үч жүктөгүч, бир экскаватор жана 30 кызматкер тартылган.
14-февраль күнү издөө-куткаруу жана тазалоо иш-чаралары жүргүзүлгөн, бирок аба ырайына байланыштуу жана жолго кар көчкү түшкөндүгүнөн улам, коопсуздукту сактоо максатында иш-чаралар убактылуу токтотулган.
Ал эми эки жабыркаган "Чайна Роуд" ишкананын кызматкерлеринин жеке унаасы менен жана бир жабыркаган адам куткаруучулар аркылуу Сузак районунун Октябрь айылындагы ооруканага жеткирилген.