
БШК "Альянс" парламенттик фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулаймановдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Сулаймановдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотулганына анын президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп дайындалышы себеп болду.
Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулаймановдун күбөлүгү жараксыз деп табылды.
Сулаймановдун ордуна Эмил Жамгырчиев Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталып, ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги ыйгарылды.