Украинадан 150 миңден ашуун качкын чыгып кетти

БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди 150 миңден ашуун украиналык качкындар коңшу мамлекеттерге көчүп кетишкенин билдирди. Украинанын жашоочулары согуштук аракеттерден улам Польшага, Венгрияга, Молдовага, Румынияга жана башка өлкөлөргө жөнөтүлүүдө.

"Алардын жарымы Польшага, көбү Венгрияга, Молдовага, Румынияга жана башка өлкөлөргө кетишти", - дейт Гранди.

"Украинада калктын жер которуусу да көбөйүүдө, бирок аскерий кырдаал алардын санын эсептеп, жардам көрсөтүүнү кыйындатат", - деди БУУнун өкүлү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД