Украинаны борбор калаасында коменданттык саат киргизилди

Укранинанын баш калаасы Киев шаарындагы коменданттык саат бүгүнтөн баштап 28-февралга чейин 17:00дон таңкы 8:00го чейин болот. Бул тууралуу Киевдин мэри Виталий Кличко билдирди.

Шаарда 24-февралдан баштап коменданттык саат 22:00дон 7:00го чейин белгиленген.

Кличко "коменданттык саат учурунда көчөдө жүргөн бардык жарандар душмандын диверсиялык-чалгындоо тобунун мүчөсү деп табыларын" билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД