
Бүгүн, 27-февралда саат 08:00дө Бишкектин №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо башталды.
Боршайкомдун маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 120 шайлоо тилкеси уюштурулду. Биринчи май районунда 60, Свердлов районунда 60 шайлоо участкасы түзүлдү.