Кыргызстандын элчилиги Украинадагы кыргыз жарандары тууралуу маалымат берди

Учурда элчилик консулдук каттоодо турган 680 адамдын 300 менен такай байланышып жатат. Азыр Киевде 100, Одессада 90, ал эми Харьковго 80 адам бар. Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы элчилиги билдирди.

Ага ылайык, 27-февралга карата Польшага 14 адам чыгып кетти, дагы төртөө жолдо баратат. Молдовага 18 кыргызстандык жаран кетти. Дагы 96 кыргызстандык жаран Венгрияга, 15 адам Польшага кетүүгө камданууда. Дагы төрт жаран Румынияны көздөй жолдо баратат.

Элчилик кыргызстандыктар үчүн Киевде, Одессада, Харьковдо жана Львовдо баш калкалай турган жайлар уюштурулганын эскертти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД