Кайра шайлоо: Саат 12.00гө карата 15 миңден ашуун шайлоочу добуш берди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы саат 12.00гө карата шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү жөнүндө маалымат берет.

№ 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча добуш берүүгө келүүсү төмөнкүдөй: 15461 шайлоочу же шайлоочулардын жалпы санынын 7,04%ы.

- № 27 Биринчи май шайлоо округу – 5 423 шайлоочу же 4,79%;

- № 29 Свердлов шайлоо округу – 10 038 шайлоочу же 9,42 %.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД