
Украинанын президенти Владимир Зеленский эл аралык легион түзгөнүн жарыялап, ага Украина менен дос болгон бардык чет мамлекеттердин жарандарын чакырды.
"Европадагы жана дүйнөдөгү коопсуздукту коргоого кошулууну каалаган ар бир адам келип, 21-кылымдын баскынчыларына каршы украиндер менен бир катарда тура алат", - деп айтылат Украинанын президентинин кеңсесинде.
"Биздин мамлекетке келип, аймактык коргонуу күчтөрүнүн катарына кошулууну сунуштайт. Чет элдиктерден өзүнчө бир бөлүк – эл аралык легион түзүлүп жатат", - деп билдирди украин администрациясы.