Соцтармактарда милиционер акча алды деген видео боюнча милиция үн катты

Социалдык тармактарда милиционердин акча алды деген видео боюнча Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.төмөндөгүлөрдү маалымдады.

Кызматкер чөнтөгүнө салган акча эмес. Ал тамеки болгон.

Бүгүн кайрадан шайлоо учурунда Свердлов районундагы №1302 шайлоо участогуна бөлүнгөн кайгуул кызматкерлери кызмат өтөп жаткан учурда, ошол участоктон добуш сатып алуу фактысы катталып, Свердлов райондук Тергөө кызматы чакыртылган.

Кызматкерлер шектүү катары кармалган 2001-жылы туулган К.Т. аттуу жаранды текшерүү учурунда, анын атасы келип калгандыктан чөнтөгүндөгү тамекини кайгуул кызматкерине кармап турууну өтүнгөн. Кызматкер тамеки экендигин көрүп чөнтөгүнө салып кайрадан алып чыккан.

Бул видео боюнча кызматкерлер шайлоо процессине аралашып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Ошого карабастан азыркы учурда кызматтык териштирүү иштери жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД