
Бүгүн, 27-февралда Бишкекте эки шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке кайра шайлоо өттү. Жалпысынан шайлоого 219 654 шайлоочунун 40 970и добуш берди. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйынында билдирди.
Жалпы 120 автоматтык түрдө эсептөө үкөгүнүн (АСУ) барынан маалымат келип түштү. Ага ылайык, төмөнкү талапкерлер алдыда келе жатат:
Эльвира Сурабалдиева Биринчи Май району боюнча биринчи орунда, ага 9209 адам добуш берген.
Свердлов району боюнча Абдурахманхаджи Муртазалиев алдыда келе жатат - ал 5797 добуш алган.
Шайлдабекова шайлоонун акыркы жыйынтыгы 12-мартка чейин аныкталарын айтты.
"Эгер байкоочулар мыйзам бузууларды тапса, талапкерлер үч күндүн ичинде добуш берүүнүн жыйынтыгына даттанса болот", - дейт ал.