Ысык-Көлдө мыйзамсыз тоо теке аткан браконьерлер кармалды

Ысык-Көл облусунда тоо текеге мыйзамсыз аңчылык кылууга шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясы жаратылышты коргоо мекемелери менен бирдикте, мыйзамсыз аңчылык жана курал-жарактарды жүгүртүү эрежелерин бузуу фактыларын аныктоо, алдын алуу максатында "Браконьер" аталышында ыкчам-алдын алуу иш-чарасын өткөрүүдө.

26-февралда аталган иш-чаранын жүрүшүндө туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери жана "Илбирс" коомдук фондусунун өкүлү Жети-Өгүз районунун сырт өрөөнүнүн "Жаман-Эчки" коктусунун кире беришинен мыйзамсыз аңчылык кылып жүргөн жеринен "Нива-Тайга" жана Nissan Patrol үлгүсүндөгү автоунааларын токтотушкан.

Автоунааларды текшерүү учурунда Барскоон айылынын тургундары 45 жаштагы У.А., 51 жаштагы Б.Н., ошондой эле Бишкек шаарынын тургундары 50 жаштагы Т.Т., 60 жаштагы К.И., 58 жаштагы Н.Б. жана 60 жаштагы И.Б. тиешелүү болгон 4 сайлуу жана 2 сайсыз ок атуучу куралдар табылып алынган. Андан тышкары автоунаадан, кара пакетке салынган, болжолдуу тоо текесине тиешелүү болгон жаңы союлган эти табылып алынган.

Аталган факты боюнча материалдар Жети-Өгүз РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренеси ("Балыкты, же болбосо суу жаныбарларын мыйзамсыз уулоо жана олжолоо") менен кылмыш иши козголду.

Керектүү экспертизалар дайындалып, учурда тергөө амалдары уланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД