Кыргызстанда бир жумада коронавирустан 11 адам көз жумду

Кыргызстанда бир жумада, тагыраагы 22нен 28-февралга чейин, коронавирустан 11 адам көз жумду. Алардын бардыгы эмдөөдөн өтүшкөн эмес.

COVID-19 лабораториялык негизде 5, клиникалык-эпидемиологиялык түрдө – 6 аныкталган.

Адам өлүмүнө алып келген учурлардын басымдуу бөлүгү Бишкекте катталган. Ошондой эле Чүй, Баткен жана Ысык-Көл облустарында коронавирустан каза болгондор бар.

Анын ичинде:

* Бишкек – 7

* Чүй облусу – 2

* Баткен облусу – 1.

* Ысык-Көл облусу – 1.

Өткөн аптада, 15-21-февраль аралыгында, COVID-19 илдетинин кесепетинен адам өлүмүнө алып келген 16 учур катталган.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери өлкөдө 200 500 адам жугузган.

Каза болгону – 2957 адам.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД