Талас милициясы ысырапкерчиликке жол бербөө боюнча элге маалымат берүүдө

Талас РИИБи милициянын көчмө кабылдамасы менен Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгын жеткирүүдө. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын президентинин "Кыргыз Республикасынын үй бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгын аткаруу максатында Талас районунда иш чаралар жүргүзүлүп баштады.

Талас районунун мал базарында чогулган калың эл арасында Талас РИИБнин кызматкерлери маркумду жерге коюу, эскерүү, ошондой эле үйлөнүү үлпөттөрүн өткөрүүдө ысырапкерчиликке жол бербөөгө, жалпы алынган адеп-ахлактык ченемдерди сактоого чакырышууда.

Жергиликтүү тургундар арасында аталган Жарлыкты аткаруу керектиги жана бул чаралар жарандарга кам көрүү, социалдык аң сезимди өзгөртүү максатында экендиги жеткирилип жатат. Талас РИИБнин кызматкерлери аймакты милициянын көчмө кабылдамасы менен кыдырып, топтошкон эл арасында түшүндүрүү иштерин алып барышууда. Жарандар бул иш чараны түшүнүү менен кабыл алышып, президенттин жарлыгын колдоо керектигин айтышууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД