
Бишкекте жылуулук берүү азырынча өчүрүлбөйт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мэрияга жарандардан жылуулукту өчүрүү боюнча кайрылуу келип түшүүдө.
"Эшикте абанын орточо суткалык температурасы беш күн катары менен 8 градустан жогору болгондо гана жылуулук берүү токтотулат. Бүгүн түндө абанын температурасы нөлдөн төмөн болду. Мындан улам үй, мектеп, бала бакча, ооруканаларда жана башка социалдык мекемелерде жылуулукту өчүрүү эртелик кылат", - деп айтылат маалыматта.