
СИЗО -1ге кош келиңиз! Бишкектин "централ" деп аталган тергөө абагынан жашоосунан бир күн. Темир тор артынан фото көрүнүш...
Борбор калаанын ортосунда жайгашкан өз тарыхында көптү көргөн түрмө комплекси 1943-жылы Улуу Ата Мекендик согуштун кызуу маалында курулган.
Расмий түрдө бул КР Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматынын карамагында турган №21 атайын мекеме. Режимдик объект Элебаев, Максим Горький, Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн Геология тилкеси менен чектешкен жерди ээлейт.
Мындай калк жыш жайгашкан аймакта кылмышкерлер, анын ичинде террористтер, киши өлтүргүчтөр жана зордукчулар, каракчылар жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө толуп турган атайын жайдын болушу кооптуу экенин моюнга алышыбыз керек. 80 жыл мурда курулган, эскилиги жеткен имаратта мыйзам бузуучулар менен жарандардын коңшулугу коркунучтуу туюлушу мүмкүн.
Ошондуктан жакында эле министрлер кабинети көптөн күткөн, заманбап коопсуздук талаптарына жооп берген, жаңы СИЗО куруу боюнча чечим кабыл алды, албетте ал Бишкектин сыртында болот.
Бир күнү бул тарыхый эстелик өзүнүн жаза өтөө милдетин аткарып бүтүп, өз ишин токтотот.
Ошондуктан сиздерде, мыйзамды сыйлагандар үчүн бул объекттин кантип жашап жатканын көрүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүктөр бар. Көзгө көрүнбөгөн, күзөт мунаралардын, тикенек зымдардын жана темир торлордун артына катылган жашоону көрүүгө шарт түзүп берип жатабыз.
Жабык изолятордо абал кандай экенин чогуу карап көрөлү. Биздин жол көрсөтүүчүбүз СИЗОнун башчысынын орун басары, ички кызматтын майору Мирлан Дүйшөналиев, ага өзгөчө ыраазычылык билдиребиз.
Автор: Рина Баймуратова