
Абакта соттолгондордун козголоңуна бөгөт коюлду! Бирок сарсанаа болбогула! Бул түзөтүү мекемесинин аймагында ийгиликтүү өткөн масштабдуу машыгуулардын темасы.
25-февралда КР Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын биргелешкен күчтөрү Ысык-Ата районунун аймагында машыгуу өткөрүштү. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, машыгууга №3 түзөтүү мекемесинини кызматкерлери, Кайтаруу жана көзөтүү департаментинин аскер кызматкерлери, ошондой эле "Омега" атайын отряды катышты.
Аскерлештирилген окуу өздүк курам менен иштөө боюнча мурда бекитилген пландын негизинде өттү.
Анда эки негизги тема – "Жаза аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелериндеги баш аламандыктарды жоюу" жана "Соттолгондор тарабынан барымтага алынгандарды бошотуу" каралган. Жаза аткаруу кызматынын 203 кызматкеринин макулдашылган жана натыйжалуу иш-аракеттеринин аркасында машыгуулар ийгиликтүү өттү.
Сүрөттөр ЖАКнын басма сөз кызматыныкы