Чүйдө мыйзамсыз берилип кеткен мектепке караштуу жер өкмөткө кайтарылды

Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокуратурасы тарабынан 4,3 млн сомго бааланган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө 2010-жылы Таш-Төбө айыл өкмөтүнүн токтому менен Орто-Сай айылындагы мектепке караштуу болгон жер жеке тарапка мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.

Социалдык объектини мамлекетке кайтаруу максатында райондук прокуратура тарабынан сотко доо арыздар келтирилип, жыйынтыгында толук канааттандырылган.

Прокурордук талаптын негизинде 4 млн 350 миң 240 сомго бааланган мектепке тиешелүү болгон жер тилке муниципалдык менчикке кайтарылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД