Ашыкча чыгымдарды азайтуу боюнча атайын комиссия түзүлөт

Бүгүн, 28-февралда "Кыргыз Республикасында үйлөнүү той, үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү жөнүндөгү" мыйзам долбоору боюнча коомдук угуу өттү. Мунун менен катар "Бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору да талкууланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жыйында баяндама демилгечиси депутат Улугбек Ормонов мыйзам долбоору боюнча бир катар сунуштар келип жатканын белгилеп: "Бул жаатта чыккан Президенттин жарлыгына ылайык, атайын эрежелер топтомун иштеп чыгуубуз кажет. Бул үчүн бардык тараптардын сунуштарын эске алуу менен мыйзам долбоорун иштеп чыгуу каралууда", – деди.

Муну менен катар айып пул боюнча сунуштарга токтолгон депутат: "20 миң сомдун аз экени белгилүү. Бирок 100 миң сом деп да белгилей албайбыз. Ал үчүн Укук бузуулар кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүбүз кажет. Анткени анда эң көп өлчөмү 200 эсептик көрсөткүчтөн ашпашы керек деп белгиленип калган", – деп кошумчалады.

Ал эми депутат Винера Раимбачаева мыйзам долбоорун жана Президенттин бул жааттагы жарлыгын колдой тургандыгын белгилеп, ашыкча чыгымдарды азайтуу учур талабы экенине токтолду.

Жыйында жалпысынан аш-тойлорго чакырылгандардын санын азайтуу, маркумдарды узатуу зыйнаттарында мал союуну жоюу өңдүү бир катар сунуштар берилди. Жыйынтыгында бардык сунуш-пикирлерди эске алуу менен мыйзам долбоорунун алкагында атайын комиссия түзүү чечими кабыл алынып, ага депутаттарды, министрликтиктердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдордун жана диний мекемелердин өкүлдөрүн киргизүү керектиги айтылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД