
Кадамжайда ысырапкерчилик боюнча жарлыкты эл колдоп жатат. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кадамжай РИИБнин кызматкерлери район аймагындагы жергиликтүү тургундарга мечиттин имам хатибтери менен биргеликте Кыргыз Республикасынын президенти С.Жапаровдун кыргыз элинин каада-салттарын карманууда ысырапкерчиликке жол бербөө багытында чыккан жарлыгын жеткиришүүдө.
Жума күнү жума намазы окулган мечиттерге милициянын кызматкерлери барып, элдин калың катмарына адам каза болгондогу ашыкча чыгымдар боюнча кеңири түшүнүктөрдү беришип, талкуулар жүрдү. Ысырапкерчилик-той-топодогу, өлүм-житимдеги жеп-ичүүдө, мал-байлыкты көп иштетүүдө болот. Калк арасында ашыкча чыгымдарга жол бербөө максатында түшүндүрүү иштерин көп жүргүзүү керек экендигин тургундар билдиришти.