Министрлер кабинети кабыл алган 2 миң 858 чечим өз күчүн жоготту

Министрлер кабинетинин 1991-жылдан 2021-жылга чейин кабыл алынган 2858 чечими өз күчүн жоготту. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү токтом министрлер кабинетинин 1991-жылдан 2021-жылга чейинки актыларын инвентаризациялоонун алкагында, ошондой эле Министрлер Кабинетинин мыйзам алдындагы актыларынын массивдерин актуалдаштыруу максатында иштелип чыккан.

Белгилей кетсек, КР президентинин администрациясынын тапшырмасы боюнча, Юстиция министрлиги 1991-2021-жылдар аралыгында кабыл алынган Министрлер Кабинетинин актыларынын актуалдуулугу боюнча талдоо жүргүзгөн.

Аталган иштердин жыйынтыгы боюнча жогорку юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актыларга ылайык келбегендигине, актуалдуулугун жоготкондугуна байланыштуу күчүн жоготту деп таанууну талап кылган бир катар актылар аныкталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД